История
Султанов Сайит Кожонович


Техникалык дисциплиналар предметтик циклдын тарыхы 2003-жылдын 16-июлунда ОшМУнун Энергоресурстар жана коммуникациялык технологиялар институнда «Инженердик жана атайын техникалык сабактар» кафедрасы болуп түзүлгөн жана бул кафедранын алгачкы кафедра башчысы болуп ошол учурдагы т.и.к., доцент И.Г. Кенжаев жетектеген. Ал эми 2006-жылы ОшМУнун структурасында Физика-техникалык факультети түзүлгөндүгүнө байланыштуу кафедра «Электр менен камсыздоо жана автомобилдик транспорт» кафедрасы болуп кайра түзүлгөн. 2008-2009 жылдары кафедраны т.и.к., доцент Айдарбеков З.Ш. жетектеген. Учурда «Электр менен камсыздоо жана автомобилдик транспорт» кафедрасы экиге бөлүнүп, «Автоунаа» кафедрасын т.и.к., доцент Ж. Турсунбаев 2019-2019-жылдары жетектеген. 2019-2020-жылдары “Автоунаа” кафедрасын т.и.к., доцент Султанов С.К. жетектеген. 2020-2021-окуу жылынын башталышынан ОшМУнун структурасында STEM инновациялык колледжи түзүлүп, “Автоунаа” кафедрасынын окутуучулары толугу менен Техникалык дисциплиналар предметтик циклына которулушкан. Азыркы мезгилде аталган циклда 1 илимдин доктору, профессор, 4 илимдин кандидаты, доцент, 6 магистр, 5 окутуучу жана 1 жардамчы кызматкер окуу лабораторияларын, окуу мастерскойлорунун жана кабинеттеринин окуу процессинин толук кандуу иштешине өбөлгө түзүү менен студенттердин теориялык алган билимдерин практикада текшеришине ыңгайлуу шарттарды түзүп беришет. Циклдын негизги максаты жогорку квалификациялуу орто кесиптеги адистерин даярдоо: 1. 190604 - “Автоунааны техникалык тейлөө жана оңдоо” багытынын адистиги боюнча техниктерди даярдоо; 2. 190503 – “Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо” багытынын адистиги боюнча техник-электромеханиктерди даярдоо; 3. 140212 – “Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча)” багытынын адистиги боюнча техник-электриктерди даярдоо; 4. 200403 – “Медициналык техникаларды оңдоо, техникалык жактан тейлөө жана монтаждоо” багытынын адистиги боюнча техниктерди даярдоо. Циклдын окумуштуулары төмөнкү эл аралык институт жана университеттер менен тыгыз байланышта: Физика–техникалык институт НПО “Физика–Солнце”, Ташкент шаары; Лидский университет, Англия; Алматинский институт энергетики и связи, Алматы шаары; Кыргыз техникалык университети, Бишкек шаары; Южное отделение НАН КР, Ош шаары; Кыргыз-Өзбек университети, Ош шаары; Ош Технологиялык университети, Ош шаары.