Воспитательная и внеучебная работа

ОшМУнун тарбия департаменти башка структуралар менен биргеликте мамлекеттин идеологиялык саясатын жүргүзөт, студенттерди социалдык жактан коргоого алат. Университеттин бардык структураларында (магистратура, факультет, колледж, лицей, жатаканаларда) социалдык колдоого муктаж студенттерге университеттин соц.пакетинен жардам көрсөтүп, тарбиялоо процессин координациялайт.

Тарбия департаменти студенттердин өз алдынча болуусуна, маданияттуу, интеллектуал жана профессионал адис катары калыптануусуна, алардын чыгармачылыгынын өркүндөөсүнө шарт жаратып, инициативаларын колдоп, укуктарын коргоп, сергек жашоо образын камсыздайт. Окуу жайда, жатаканаларда кызматкерлер менен студенттердин өз ара мамилелерин жакшыртып, жагымдуу атмосфера жаратып, аларды улуттук нарк-насилге сугарылган, адамгерчиликтүү, билимдүү, мекенчил личност болууга чакырат.

Мектеп партасынан келген бала университетти аяктап баратып, адистигин тастыктаган диплом менен кошо университеттик тарбияны жүрөгүнө түнөтүп кетүүсү абзел. Алар: коомдук жайда өзүн маданияттуу алып жүрүүнү, театр, кино көрүү, кийинүү, адамдар менен мамиле түзүүнү, кичипейилдикти өздөштүрүп, тил үйрөнүп, дүйнө таанымын кеңейтип, бир өмүргө жете турган тажрыйба топтоого тийиш. Бүгүнкү күндө студенттерге стимул берүүчү сынактар, чыгармачылыкка кызыккан студенттердин поэзия кечелерин, персоналдык сүрөт көргөзмөлөрүн, тушоо кесүү концерттерин өткүрүп келүүдөбүз. Окуудагы жана коомдук иштердеги активдүүлүгү менен айырмаланган студенттерибизге Ош МУнун Окумуштуулар Кеңешинин жана Атуулдук стипендиялар ыйгарылат. Маданият ишмерлери, спорттун чеберлери, илимпоздор менен регилярдуу түрдө жолугушуулар уюштурулат.

Тарбия департаментинин алдында “Келечек долбоору” дискуссиялык клубу түзүлүп, ай сайын талкуулар уюштурулуп жатат. Брейн-ринг, дебат клубдарынын ишмердүүлүгү жандандырылып, кызыккан студенттердин саны күн санап арбып барууда. Университет коомчулукка жүрөгүндө ыйманы, жүзүндө уяты бар, адамгерчилиги бийик, адистерди даярдап жатат. Ош МУ студенттерге заманбап билимди берип, адамдык мамилени жана улуттук таалим тарбияны үйрөтөт.

Ош МУнун социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору, ф.-м.и.к.,доц Артыкова Жылдыз Абдисаламовна