Кафедранын тарыхы

Кыскача тарыхы:

Колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн кафедрасы 2020¬ жылдын 26¬августунда ОшМУнун ректору, профессор К.Г.Кожобековдун № 65¬ФХД буйругу менен түзүлгөн. Учурда 21 профессордук¬окутуучулук курам эмгектенет: 3 илимдин доктору, 4 илимдин кандидаты, 4 улук окутуучу, 10 окутуучу, 1 методист,1 лаборант.

Кафедраны ф.¬м. и. к., доцент Азимов Бектур Абдырахманович жетектеп келүүдө. Жаңы технология, жаңы программаларды өздөштүрүү, заман менен бирге өнүгүү максатында окутуучулар ишемби күндөрдү семинарларды уюштуруп, билим жана тажрыйба алмашышат.

М.В. Ломоносов атындагы МГУ менен КМИ адистиги магистратура багытында кош дипломдуулук программасын ишке ашырат. It тармагында билим алууну каалаган, жаштар үчүн “BIG Data analytics” адистигин ачылган.

2022-жылдын апрель айында кафедра тарабынан “Stud Expo 2022” аталышындагы түштүк регионундагы окуучулар жана студенттер аралык программалык ачылыштар боюнча конкурс уюштуруп, ийгиликүү жыйынтыктаган.

2022-жылдын ноябрь айында "Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдик коом" долбоорунун алкагында уюшулуп жаткан "Мейкатон 2022" аталышындагы иш чарада кафедранын окутуучулары Камалов Султан, Равшан уулу Сыймыктын жетекчилигинде түзүлгөн команда 1-орунду камсыздаган. Эмгек менен бирге кафедранын жамааты Сары-Челек, Арсланбап өңдү кооз жерлерге барып, жаратылыш койнунда эс алып келүүнү адатка айландырган. Учурда кафедра даярдаган адистиктерде жалпы __ студент билим алат.