Кадрлар резерви

ОшМУнун ички кадрлар резервин түзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамына, “Мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө”, “Жогорку окуу жайынын профессордук-окутуучулук курамынын кызмат ордун ээлеп туруунун тартиби жөнүндө” жоболоруна, “ОшМУну 2019-2024-жылдары өнүктүрүү концепциясына” ылайык иштелип чыкты жана бул жобо Ош мамлекеттик университетинин ички кадрлар резервин (мындан ары - ички резерв) түзүүнүн жана иштешинин укуктук негиздерин жана тартибин аныктайт.

2. Ички резерв – Ош мамлекеттик университетинин кафедраларында профессордук-окутуучулук курамдагы кызмат орундарын ээлөө үчүн атайын жана алдын ала уюштурулган конкурстан ийгиликтүү өткөн талапкерлердин (резервдегилердин) тобу.

3. Ички резервди түзүүнүн максаттары жана милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- кафедраларда профессордук-окутуучулук кызмат орундарын ээлөөгө резервдегилердин тобун түзүү;

- кафедраларда профессордук-окутуучулук кызматтын милдеттери менен функцияларын кесипкөй жана натыйжалуу аткара ала турган кадрларды тандап алуу;

- окутуучулук кызмат орунуна коюлган квалификациялык талаптарга ылайык келген жарандарды резервге тандап алуу жана бош орунга жумушка алуу;

- кафедраларда профессордук-окутуучулук курамды сапаттык жактан жакшыртуу; аймактагы кесипкөй, прогрессивдүү, креативдүү, активдүү окутуучуларды ОшМУга тартуу, топтоо менен жамаатты жаңылоо, толуктоо жана кафедрада эң татыктууларын иргеп калтыруу;

- ар бир кафедрада окутуучулук ишмердүүлүк боюнча атаандашуучулукту, конкуренцияны жаратуу аркылуу окутуучулардын тынымсыз изденүүсүн, кесиптик жактан өнүгүүсүн, активдешүүсүн камсыз кылуу;

- студент-кардарларга окутуучуларды тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү;

- профессордук-окутуучулук кызматтын уланмалуулугун жана туруктуулугун камсыздоо;

- окутуучулук кесипке олуттуу мамиле кылган, ал кызмат орундарын ээлөө үчүн жоопкерчилик менен даярданган окутуучулар курамын түзүү;

4. Ички резервди түзүүнүн негизги принциптери:

- окутуучунун квалификациялык талаптарына шайкеш келүү шартын сактоо менен жынысына, расасына, майыптыгына, этностук таандыгына, дин ишенимине, саясий жана башка ынанымдарга, тегине же мүлктүк абалына карабастан Кыргыз Республикасынын жарандарынын ОшМУдагы профессордук-окутуучулук курамдагы кызматтарды ээлөөдө, жумушка кирүүдө бирдей мүмкүнчүлүк жаратуу - ички резервге бирдей кирүүлөрү;

- тандоодогу атаандаштык;

- ачыктык, калыстык жана айкындуулук;

- ички резервге киргизүү үчүн талапкерлердин кесиптик жана жеке сапаттарын баалоонун калыстыгы;

- компетенттүүлүгү жана кесипкөйлүгү;

- резервге кирүүдө жарандын өз каалоосу.

5. Ички резервди түзүүнү жана иштетүүнү окуу проректору, кадрлар башкармалыгы, декандар, директорлор, кафедра башчылары, комиссиялар камсыздайт жана сунуш кылат.

6. Ички резерв Ош мамлекеттик университетинин ректору тарабынан бекитилет.

7. Ош мамлекеттик университетинин ички резервиндегилерге методикалык жардам берүү боюнча иштерин координациялоону аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаменти, кафедралар ишке ашырат.

2. Ички резервди түзүүнүн тартиби

8. Ички резервди түзүү төмөнкү талапкерлердин ичинен тиешелүү конкурстарды өткөрүү менен ишке ашат:

- ЖОЖду, магистратураны, аспирантураны жаңыдан аяктаган бүтүрүүчүлөрдөн;

- башка ЖОЖдордо, коллеждерде, мектептерде ийгиликтүү иштеп жаткан педагогдордон;

- структуралык түзүмдүн кайра уюштурулганына, штаттын кыскарганына, ден соолугунун абалы боюнча узакка эмгекке жараксыздыгына байланыштуу окутуучулук орундарынан бошотулган адамдардан;

- бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышып, жогорку натыйжаларды көрсөтүшүп, бирок жумушка кабыл алынбаган адамдардан;

- квалификациялык талаптарга туура келген Кыргыз Республикасынын башка жарандарынан.

9. ОшМУ ички резервге киргизүү үчүн конкурс жарыялайт. Кадрлар башкармалыгы университеттин структуралык түзүмдөрүнө, ар бир кафедрасына кадрлардын резерви түзүлүп жаткандыгы боюнча жыл сайын апрель-декабрь айларында ОшМУнун веб-сайтына, массалык-маалымат каражаттарына жарнаама берүүгө милдеттенет. Конкурс жылына эки жолу өткөрүлөт.

10. Ички резервге киргизүүгө конкурс өткөрүү үчүн комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт, анын сандык жана жеке курамы ректордун буйругу менен бекитилет.

Ички резервге киргизүү үчүн конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:

- документтерди кароо;

- окутуучунун теориялык компетенттүүлүгүн аныктоочу компьютердик тестирлөө;

- окутуучулук жөндөмүнө практика жүзүндө баа берүү;

- аңгемелешүү.

11. Конкурстун биринчи этабына катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет:

- ОшМУнун ректорунун атына арыз;

- резюме, сүрөтү менен;

- паспорттун көчүрмөсү;

12. Конкурска катышууну каалаган талапкерлердин документтерин конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыялангандан баштап жыйырма жумуш күнүнүн ичинде кабыл алат.

13. Кадрлар башкармалыгы окуу проректорунун макулдугу менен ОшМУнун ички резервине кирүүнү каалаган талапкерлердин документтерин изилдөөнүн негизинде белгиленген талаптарга туура келээрин аныктайт жана конкурстун катышуучуларын тестирлөөгө катыштыруу жөнүндө чечим кабыл алат.

14. Каттоого алынган талапкерлерге “ички резервдеги кадр” макамы төмөндөгүдөй конкурстук-текшерүү этаптарынан теориялык билими, окутуучулук жөндөмү менен ийгиликтүү өткөндөн кийин гана берилет. Компьютердик тестирлөө өзү окута турган предметти, педагогиканы, психологияны билүү деңгээлин аныктоо үчүн колдонулат жана ОшМУнун көз карандысыз тестирлөө борборунда өткөрүлөт.

А) ар бир кафедра өздөрү окуткан предметтер боюнча суроолорду түзүп, көз карандысыз компьютердик тесттирлөөдөн өткөрүшөт. Комиссия курамы кафедра башчысы, структура жетекчиси, окуу-информациялык департаменти, кадрлар башкармалыгынын кызматкерлеринен түзүлөт;

Б) педагогикадан, психологиядан көз карандысыз компьютердик тесттирлөөдөн өтүшөт. Комиссия курамы педагогикалык билим берүүнү өркүндөтүү борбору, окуу-информациялык департаменти, кадрлар башкармалыгынын кызматкерлеринен түзүлөт;

15. Ички резервге киргизүүгө талапкерлер үчүн компьютердик тестирлөө ар бир предметтен 100дөн суроону камтыйт жана суроолор дайыма ОшМУнун веб-сайтына коюлуп турат.

16. Компьютердик тестирлөөдө босоголук маани ички резервге киргизүүгө талапкерлер үчүн ар бир предметтен тесттин суроолорунун жалпы санынын 70 пайыз деңгээлинде белгиленет.

17. Компьютердик тестирлөөнүн натыйжалары протокол түрүндө таризделет жана тестирлөө борбору тарабынан комиссияга өткөрүлүп берилет. Атайын түзүлгөн комиссиялар конкурстун натыйжасы боюнча талапкерлердин баллдык жыйынтыгына ылайык тийиштүү акт түзүп, окуу проректоруна тапшырышат. Тестирлөөдө босоголук мааниден төмөн эмес баа алган талапкерлерге конкурстун кийинки этабына катышууга уруксат берилет.

18. Окутуучулук жөндөмүнө практика жүзүндө баа берүү - окутуучулук ишмердүүлүктө талапкерлердин билиминин жана көндүмдөрүнүн деңгээлин аныктоо үчүн колдонулат жана комиссия тарабынан 100 баллдык шкала боюнча бааланат. Талапкер окутуучулук жөндөмүн сабак өтүү формасында көрсөтүүгө тийиш (ОшМУнун видео байкоо орнотулган аудиторияларында сабак өтүп, комиссияга DVD диск түрүндө тапшырууга уруксат берилет). Комиссия курамы аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаменти, кафедра башчысы, структура жетекчиси, окуу-информациялык департаменти, кадрлар башкармалыгынын кызматкерлеринен түзүлөт.

ЖОЖду, магистратураны, аспирантураны жаңыдан бүткөн талапкерлер конкурстун бул этабына катышпастан ички резервге ассистент катары бир жылдык сыноо мөөнөтүнө убактылуу кире алышат.

19. Кийинки этапка - аңгемелешүүгө окутуучулук жөндөмүнө практика жүзүндө баа берүүдө 50 пайыздан төмөн эмес деңгээлде белгиленген босоголук мааниден кем эмес орточо баа алган талапкерлер киргизилет. Аңгемелешүүнү окуу проректору жүргүзөт.

20. Комиссия конкурстун бардык этаптарынын жыйынтыгы боюнча жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн ачык добушунун жөнөкөй көпчүлүгү менен талапкерлерди ички резервге киргизүүгө сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алат.

- Комиссиянын ар бир мүчөсү талапкерди ички резервге киргизүүгө сунуштоого "макул" же болбосо "каршы" деген бир гана добушун бере алат, муну менен бирге "калыс" деген вариантын берүүгө тыюу салынат.

- Талапкер добуштардын бирдей санына ээ болуп калган учурда, Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү добуш деп эсептелет.

- Эгерде кафедрада этностук таандыктагы, жыныстагы кызматкерлердин саны аз болгон талапкер добуштардын бирдей санына ээ болуп калса, анда комиссия аны ички резервге киргизүүгө сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алат.

- Конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссиянын чечими талапкердин катышуусуз кабыл алынат. Комиссиянын жыйыны ага курамынын кеминде үчтөн экиси катышкан учурда мыйзамдуу деп эсептелет.

- Ички резервге киргизүү ректордун буйругу менен бекитилет.

21. Кадрлар башкармалыгы ички резервге киргизилген адамдарды тийиштүү структуралык түзүмдөргө, кафедраларга кабарлап турат жана резервге киргендер жөнүндө маалыматты ОшМУнун веб-сайтына жайгаштырат.

3. Ички резервдин иштөө тартиби

22. ОшМУнун кафедраларында профессордук-окутуучулук кызмат орундарын ээлөө - ички резерв аркылуу жүргүзүлөт. Конкурска катышпаган, ички резервге кирбеген жаран ОшМУнун кафедраларында окутуучулук кызматты ээлей албайт.

23. ОшМУнун ички резервинде талапкерлер болгондо кадрлар башкармалыгы милдеттүү түрдө тийиштүү кафедра башчыларына билдирүү жиберет жана окуу жайдын веб-сайтына жарыялайт.

24. Кафедраларда бош кызмат оруну пайда болгондо кафедра башчысы үч жумуш күнүнүн ичинде окуу проректоруна бул боюнча жазуу түрүндө билдирүү берүүгө милдеттүү. Окуу проректору кадрлар башкармалыгы аркылуу ички резервде турган адамдарга бош кызмат орду пайда болгондугу жөнүндө кабарлоо менен бирге документтерин даярдайт жана ректорго сунуштайт.

25. Ички резервде тургандар жаңы окуу жылында кафедрадагы дисциплиналарды окутуу укугуна ээ болуу үчүн студенттердин тандоосуна кафедранын башка окутуучулары сыяктуу тең укукта катыша алат.

26. Дисциплиналарды окутууга окутуучуларды тандоо процессинде “ички резервдеги кадр” макамындагы окутуучуларга студенттер жетиштүү санда жазылса, кафедра башчысы тиешелүү саат жүктөмүн бөлүп берүүгө милдеттүү.

27. ОшМУ резервдегилердин квалификациясын жогорулатууну уюштурат. Структура жетекчилери, кафедра башчылары резервдегилерди төмөнкү иштерге катыштыруу үчүн тартышы мүмкүн:

- резервдегилердин кесиптик жана жеке сапаттарынын өнүгүшүнө өбөлгө болуучу окуу семинарларына, конференцияларга жана тренингдерге;

- ички резервге киргизилген адамдарды окутууну пландаштырууда аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаменти, кафедра башчысы конкурстук тандоону өткөрүүдө талапкер менен аңгемелешүүнүн жүрүшүндө же ишин баалоодо аныкталган окууга болгон муктаждыктарын эсепке алышы керек;

- ички резервге киргизилген адамдар кафедраларда кафедра башчылардын макулдугу менен стажировкадан өтө алышат;

- ички резервге киргизилген талапкерди окутууга же стажировкадан өтүүгө жиберүү аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинин жетекчисинин, кафедра башчысынын тийиштүү актысы менен таризделет.

28. Резервдеги адам төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ОшМУ тарабынан уюштурулган квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүүгө;

2) кадрлар башкармалыгына жазуу жүзүндө төмөндөгүдөй маалымат жиберүүгө:

- өздүк маалыматтары, кызмат орду жана иштеген жери, билими өзгөргөндө;

- окуудан же стажировкадан өтүүдөн баш тартуунун себептери жөнүндө.

29. Кадрлар башкармалыгы, структура жетекчилери, кафедра башчылары ички резервдин болушун камсыздайт жана анын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүп турат.

30. Резервдеги адамдын ички резервде туруу мөөнөтү үч жылды түзөт.

31. Резервдеги адам белгиленген мөөнөттөн мурда ички резервдин курамынан төмөнкү учурда чыгарылат:

- ички конкурстун натыйжалары боюнча бош кызмат орунун ээлегенде;

- жүйөлүү себепсиз квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо курстарына окуудан баш тартканда;

- квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо курстарына катышуунун натыйжалары боюнча "жакшы" деген деңгээлден төмөн баа алганда;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда;

- соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп табылганда;

- өз арызын бергенде.

32. Ички резервдин курамынан чыгаруу жөнүндө чечим ректор тарабынан кабыл алынат жана тийиштүү акт менен таризделет. Ички резервден чыгарылган адам бул акт менен тааныштырылат.



Сүрөт

РЕЗЮМЕ




Аты-жөнү:

Туулган күнү жана жери:

Жарандыгы:

Улуту:

Байланыш маалыматтары:

- үй дареги:

- телефондору (үй, жумуш, уюлдук):

- e-mail:

Билими: (хронологиялык иретте акыркы окуган жеринен баштап кийинкилери жазылат)

Адистиги :

Тилдерди билүү:

Иш тажрыйбасы: (хронологиялык иретте акыркы иштеген жеринен баштап кийинкилери жазылат)

Жалпы стаж:

Педагогикалык стаж:

Кошумча билими:

Өздүк иштеп чыгуулары, илимий эмгектери, ойлоп табуулары, жарыялоолор жана патенттери:

Илимдеги даражасы жана наамдары:

Алган сыйлыктары:

Кошумча көндүмдөрү:

Эскертүү: Сынактын тесттик суроолору: www.oshsu.kg