ОшМУнун Ветеринардык клиникасы 2023-жылы ачылган. 2025-жылдын апрель айында клиника кайра каттоодон өтүп, «ОшМУнун Ветеринардык клиникасы» мекемеси статусуна ээ болду. Клиника практикалык жана илимий-билим берүү базасы катары ийгиликтүү иштеп, сапаттуу кызматтарды көрсөтүп, жогорку квалификациялуу ветеринардык адистерди даярдоого салым кошууда.
Негизги ишмердүүлүк багыттары:
- Үй жана чарба жаныбарларына профилактикалык, диагностикалык жана дарылоо иш-чараларын жүргүзүү;
- Калкка жана уюмдарга акы төлөнүүчү ветеринардык кызматтарды көрсөтүү;
- Ветеринардык медицина факультетинин студенттеринин окуу-практикалык даярдыгына катышуу;
- Ветеринардык медицина жана биотехнология тармагында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү;
- Жаныбарларды диагностикалоо жана дарылоонун заманбап ыкмаларын киргизүү.
Клиниканын кызматкерлери:
- Клиниканын башчысы — Кадыров Бакытбек Жолонович
- Ветеринардык дарыгер — Асилбек уулу Адилет
- Ветеринардык фельдшер — Легкоступова Амалия
- Санитардык-техникалык кызматкер — Тороева Орозгул Эркебаевна
Байланыш номерлери: 0554 01-00-04 0776 16-42-03
Дареги: Ош шаары, Н. Исанов көч., 79/2а
Санитардык нормаларды сактоо үчүн 2024-жылдын 3-апрелиндеги №382 келишиминин негизинде «Эндомед УМО» компаниясы менен медициналык калдыктарды чогултуу, ташуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүү келишими түзүлгөн.
Клиника төмөнкү документтерди алган:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинен Лицензия №0000957;
- Өндүрүштүк максаттарда баңги заттарын жана психотроптук каражаттарды сатып алуу, сактоо жана колдонуу боюнча Мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк №314899-3310-У-е.