Медколлеждин студенттери улгайган жарандардан кабар алышты

Anasayfa Haberler

Медколлеждин студенттери улгайган жарандардан кабар алышты

Image

1-октябрь – эл аралык карылар күнүнө карата ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык коллежинин ыктыярчы студенттери жалгыз жашаган улгайган жарандардан кабар алышты.

Студенттер карыяларга үй иштерине жардам берип, үй-жайын иретке келтиришти. Ошондой эле алар менен баарлашып, жашоо-турмушу жана муктаждыктары тууралуу угушту. Жолугушуунун соңунда улгайган жарандар студенттерге ыраазычылыгын билдирип, ак батасын беришти.

Иш-чара Өзгөн райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы менен биргеликте уюштурулду. Демилгенин максаты улуу муундун өкүлдөрүнө урмат көрсөтүү, социалдык колдоого муктаж карыяларга көңүл буруу болду.

 

fotoğraf Galerisi