3-июнда Ош мамлекеттик университети менен Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети тарабынан ишке ашырылып жаткан кош дипломдуу билим берүү программасынын алкагында 2026–2027-окуу жылына карата окуу пландарын бекитүү боюнча иштер аяктады.
Жолугушууга эки университеттин өкүлдөрү, биргелешкен билим берүү программаларынын иштеп чыгуучу адистер жана координаторлору катышып, окуу процессин уюштуруунун негизги багыттарын талкуулашты. Тараптар билим берүү программасынын мазмунун заманбап талаптарга ылайык өркүндөтүү, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү жана билим сапатын жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Натыйжалуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү максатында ОшМУнун Филология жана маданияттар аралык коммуникациялар институтунун орус филологиясы бөлүмү менен ЕУУнун өкүлдөрү абитуриенттерди тартуу иштерин жүргүзүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгышты. Бул демилгелер кош дипломдуу билим берүү программасына кызыккан абитуриенттердин санын көбөйтүүгө жана билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.
Кош дипломдуу билим берүү программасынын жетекчиси Диларам Мадаминова жана ЕУУнун өкүлү Гульжан Шашкина программаны ишке ашырууга көмөктөшкөн окутуучулардын жаңы курамын толугу менен бекитишти. Жаңы окуу жылында студенттерге эки университеттин тажрыйбалуу профессордук-окутуучулук курамы билим берет.