Тарыхчы Санжарбек Тажиматов ОшМУда конок лекция окуду

Anasayfa Haberler

Тарыхчы Санжарбек Тажиматов ОшМУда конок лекция окуду

Image

6-апрелде Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунда президенттин алдындагы эксперттик кеңештин мүчөсү, улуттук эксперт, тарыхчы-чыгыш таануучу Санжарбек Тажиматов конок лекция окуду.

Лекция «Дүйнөлүк тартип: учур талабы жана келечек божомолдор (Борбордук Азиянын контекстинен көз караш)» деген темада өттү. Анда баяндамачы дүйнөдөгү учурдагы геосаясий абалга, глобалдык өзгөрүүлөргө жана алардын Борбордук Азия аймагына тийгизген таасирине токтолду.

Иш-чаранын соңунда институт директору Жолдошбек Бөтөнөев лекторго ыраазычылык билдирип, мындай жолугушуулар студенттер үчүн маанилүү экенин белгиледи.

 

fotoğraf Galerisi