ОшМУнун өкүлдөрү Токойчулар форумунда долбоорлорун тааныштырышты

Anasayfa Haberler

ОшМУнун өкүлдөрү Токойчулар форумунда долбоорлорун тааныштырышты

Image

Окуу жайдын Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар консалтинг борборунун өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өткөн “Кыргызстандын токойчулары” форумуна катышты.

Анда алар “Инновациялык питомник” жана “Көчкүдөн жабыркаган топуракты калыбына келтирүү: агролесомелиорация жана биорекультивация аркылуу тоо экосистемаларын коргоо” аттуу долбоорлорун сунуштап, алардын жүрүшү жана жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти.

Иш-чаранын алкагында өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген токой кызматкерлери, адистер жана жеке ишкерлер токой чарбасын өнүктүрүү, питомниктерди кеңейтүү, заманбап технологияларды колдонуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле орусиялык ишкерлер өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, ийгиликтүү долбоорлорун тааныштырышты.

Форум адистердин тажрыйба алмашуусуна, жаңы байланыштарды түзүүгө жана токой экосистемаларын сактоо багытындагы кызматташууну күчөтүүгө шарт түздү.

Форум токой чарбасындагы адистердин тажрыйба алмашуусуна, жаңы байланыштарды түзүүгө жана өлкөдө токой экосистемаларын сактоо боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө багытталды.

fotoğraf Galerisi