Уңгужол жарлыгынын алкагында маданий иш-чара өттү

Anasayfa Haberler

Уңгужол жарлыгынын алкагында маданий иш-чара өттү

Image

Ош мамлекеттик университетинде “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жарлыгынын алкагында иш-чаралар уланууда.

31-мартта Кыргыз-Кытай факультетинде «Кыргыз руху – тилинде жана салтында» аттуу маданий иш-чара уюштурулду. Кеченин жүрүшүндө студенттер арасында салттуу кыз-жигит сармерден оюну көрсөтүлдү. Ошондой эле иш-чарада ар кайсы улуттун өкүлдөрү өздөрүнүн улуттук тамак-аштарын тааныштырып, маданий өзгөчөлүктөрү менен бөлүшүштү. Майрамдык программа ыр-бийлер жана көркөм номерлер менен коштолду.

Иш-чаранын негизги максаты улуттук баалуулуктарды даңазалоо, тилди жана каада-салттарды сактоо, ошондой эле ар улуттун маданиятын өз ара тааныштыруу болуп саналат. Бул демилге президент Садыр Жапаровдун “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жарлыгынын алкагында өткөрүлдү.

fotoğraf Galerisi