18-мартта Бишкектеги М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде «Керектөөчүлөрдүн укуктары санарип доорунда: чакырыктар жана коргоо» аттуу ЖОЖдор аралык тегерек стол өттү.
Иш-чарага өлкөдөгү университеттердин студенттери катышып, санариптик доордогу керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча баяндамалар жасалды.
Тегерек столдо Ош мамлекеттик университетинин колдонмо геодезия адистигинин студенттери Марсел Жураев менен Нурманбет Сатыбалдыев «Кыргызстандагы интернет соодасында товарлардын сапатынын көйгөйлөрү» темасында баяндама жасашты. Алардын илимий жетекчиси агрономия жана колдонмо геодезия кафедрасынын окутуучусу Шааркан Ташбалтаева болду.
Жыйынтыгында катышуучулар сертификаттар жана баалуу белектер менен сыйланышты.