ОшМУда белгилүү режиссёрдун чыгармачылыгына арналган марафон башталды

Anasayfa Haberler

ОшМУда белгилүү режиссёрдун чыгармачылыгына арналган марафон башталды

Image

16-мартта  Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун Орус тили жана маданияты борборунда белгилүү режиссёр Станислав Говорухиндин чыгармачылыгына арналган Евразиялык марафон башталды.

16–22-март күндөрү өтө турган марафондун алкагында студенттерге  режиссёрдун тасмалары көрсөтүлөт. Мындан тышкары кинонун заманбап коомдогу орду, эстетикалык табитти калыптандыруудагы ролу жана жаштарды тарбиялоого тийгизген таасири боюнча талкуулар өткөрүлөт.

Бүгүн, марафондун биринчи күнүндө студенттер режиссёрдун өмүр баяны, фильмографиясы жана чыгармачылык жолунун негизги этаптары менен таанышышты. Иш-чара кызыктуу жана мазмундуу атмосферада өтүп, студенттердин орус маданиятына жана кино искусствосуна болгон кызыгуусун арттырды.

Доцент Венера Суркееванын жетекчилиги астында иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, ар бир катышуучуну активдүү тартууга көңүл бурулууда.

 

fotoğraf Galerisi