12 жылдык окутуу: башталгыч класстардын окуу процесси талкууланды

Anasayfa Haberler

12 жылдык окутуу: башталгыч класстардын окуу процесси талкууланды

Image

Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, искусство жана журналистика институту башталгыч жалпы билим берүүдөгү предметтерди окутуунун абалы боюнча жыйын өткөрдү. 

Институттун директору Замирбек Божонов 12 жылдык окутууга өтүүнүн зарылдыгы, концепциясы жана системаны заманбап талаптарга ылайыкташтыруудагы мааниси тууралуу баяндады. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Жылдыз Мамразак кызы 12 жылдык билим берүү, «Алтын казык» программасы тууралуу, ал эми методисти Гулбарчын Матисакова окуу китептерин колдонуу боюнча маалымат берди.

Башталгыч класстын мугалимдери жана практикадан өткөн студенттер окуу процессиндеги көйгөйлөрдү, тажрыйбаларын жана методикалык жетишкендиктерин бөлүштү.

Жыйынга институттун окутуучулары, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, №18 Алишер Навои атындагы орто мектептин, №35 Жоро Атабаев атындагы орто мектептин мугалимдери, башталгыч класстарда сабак берип, сырттан окуган 5-курстун студенттери жана күндүзгү бөлүмдүн 3–4-курстарынын студенттери катышты.

Иш-чара студенттерге жана мугалимдерге 12 жылдык билим берүүдө практикалык көндүмдөрдү жогорулатууга мүмкүнчүлүк түздү.