Окутуучулар жаштар тренерлерин даярдоого салым кошту

Anasayfa Etkinlikler

Окутуучулар жаштар тренерлерин даярдоого салым кошту

Image

Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары Ташболот Жороев жана Гүлзат Болотакунова 6–10-апрель күндөрү «Ош жаштары» коомдук уюмунда тренинг өткөрүп, өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

“YouthHAB жаштар борборунун тренерлеринин потенциалын жогорулатуу” аталышындагы тренингде өспүрүмдөр, чоңдор менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү каралып, заманбап окутуу методикалары, технологиялары тууралуу маалымат берилди. Катышуучулар окутууда натыйжалуу стратегияларды тандоо, сабакты туура уюштуруу, заманбап ыкмаларды практикада колдонуу боюнча көндүмдөрдү алышты.

Ош жаштары – Ош шаарында жана аймагында активдүү иш алып барган коомдук уюм. Уюм жаштардын демилгелерин колдоого, билим берүү, социалдык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.



 

fotoğraf Galerisi