Студенттер өзгөчө балдарга майрамдык маанай тартуулашты

Anasayfa Etkinlikler

Студенттер өзгөчө балдарга майрамдык маанай тартуулашты

Image

19-декабрда ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин коомдук илимдер жана аскерге чейинки даярдык циклынын окутуучулары жана студенттери Ош шаарындагы көзү азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн адистештирилген мектеп-интернаттын окуучуларына жаңы жылдык майрамдык маанай тарттуулашты.

Иш-чаранын алкагында балдар үчүн майрамдык кече уюштурулуп, студенттер атайын концерттик программа тартуулашты. Ошондой эле окуучулар менен биргеликте кызыктуу оюн-зооктор уюштурулуп, жылуу маанай жаралды.

Бул кайрымдуулук иш-чарасы студенттерди боорукердикке, өз ара колдоого жана коомдогу өзгөчө камкордукка муктаж балдарга көңүл бурууга тарбиялоо максатында өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, буга чейин да аталган циклдын окутуучулары «Жүрөктүн жылуулугу – балдарга» аттуу кайрымдуулук акциясынын алкагында Ош шаарындагы Балдар үйүнө гигиеналык каражаттарды, дары-дармектерди жана башка зарыл буюмдарды тапшырышкан.

 

fotoğraf Galerisi