Эл аралык котормочулар күнүнө карата илимий-практикалык конференция өтөт

Anasayfa duyurular

Эл аралык котормочулар күнүнө карата илимий-практикалык конференция өтөт

Американистика жана котормо кафедрасы 30-сентябрда белгилене турган Эл аралык котормочулар күнүнө арналган «Жасалма интеллекттин жардамы менен котормочулук компетенцияны жогорулатуу» аттуу илимий-практикалык конференция өтө турганын маалымдайт. 

Кафедра котормо таануу, лингвистика жаатындагы изилдөөчүлөрдү, чет тилдерин жана котормо сабактарын окуткан окутуучуларды доклад менен катышууга жана конференцияга активдүү катышууга чакырат.

Программасы: ПРОГРАММА

Конференциянын максаты — ар кыл жогорку окуу жайларда иш алып барган илимпоздорду, окутуучуларды, котормочуларды жана келечектеги адистикке даярдалып жаткан студенттерди чогултуу аркылуу чет тилдерин окутуу, котормо таануу жана маданияттар аралык коммуникация багытындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо.

Конференциянын тематикалык багыттары: 

Катышуучулардан оозеки жана постердик баяндамалар, макалалар, ошондой эле «галерея форматындагы» талкуулар сунушталат. Негизги темалар төмөнкүлөр:

1. Котормого үйрөтүүдөгү инновациялар: Жасалма интеллектти колдонуу аркылуу жөндөмдөрдү өнүктүрүү (теориялык негиздер жана жаңычыл ыкмалар); 

2. Кесиптик котормо жөндөмдөрүн калыптандыруу: Жасалма интеллекттин жардамы менен котормочуну даярдоо жана практикалык колдонуу; 

3. Нейрондук тармактарды кесиптик жана студенттик практикага интеграциялоо: Практика жана стажировкада колдонуунун өзгөчөлүктөрү.

Форматы: 

Конференция гибрид форматта өтөт (онлайн жана оффлайн). Секциялык жыйындар виртуалдык катышуу менен параллелдүү уюштурулат.

Иштин жүргүзүлүүчү тилдери: кыргыз, орус жана англис тилдери.

Катышуу шарттары:

- Катышуу акысыз 

- Бардык каалоочулар үчүн эшик  ачык (жогорку окуу жайлар, котормо борборлору, чет тилдер кафедралары)

 

Катталуу үчүн шилтеме: https://forms.gle/SyhfV3aifDPqGKMV6