ОшМУнун өкүлдөрү жаш окумуштуулар сынагында бир нече номинация боюнча жеңишке жетти

Anasayfa Haberler

ОшМУнун өкүлдөрү жаш окумуштуулар сынагында бир нече номинация боюнча жеңишке жетти

Image

Жаш окумуштуулар жана инноваторлор арасында өткөн 2026-жылдагы республикалык сынакта Ош мамлекеттик университетинин өкүлдөрү бир нече номинация боюнча биринчи жана үчүнчү орундарды ээлешти.

Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун окутуучулары Жанболот Калбаев жана Женишбек Мамай уулу Bilim Ai долбоору менен «Илимий изилдөөлөрдүн негизинде мыкты стартап» номинациясында биринчи орунду алышты. Ушул эле номинацияда Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин өкүлү Фарида Абжапар кызы жана анын командасы BezBarrier KG долбоору менен үчүнчү орунга ээ болду.

«Туруктуу өнүгүү жана жашыл технологиялар чөйрөсүндөгү мыкты чечим» номинациясында ОшМУнун Тоо экосистемаларын коргоо жана жашыл инновациялар консалтинг борбору сунуштаган «Инновациялык питомник» долбоору биринчи орунду алды. Долбоордун авторлору – Абдижапар Аккулов, Венера Тургунова, Бабур Алимкулов. Ошондой эле Педагогика жана искусство институтунун башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы кафедрасынын башчысы Мээргүл Асаналиева «Жылдын мыкты жаш окумуштуусу» номинациясында биринчи орунга татыды.

Сынак жаш окумуштуулардын изилдөөлөрүн колдоо, инновациялык идеяларын өнүктүрүү, илимий жетишкендиктерди практикага киргизүү, жаштар арасында ишкердик демилгелерди жайылтуу максатында уюштурулган. Демилгечи – Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги. Анда туруктуу өнүгүү, экологиялык коопсуздук жана заманбап технологиялар багытындагы долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.