ОшМУнун командалары «Акылман ордо» оюнунда байгелүү орундарды алды

Anasayfa Haberler

ОшМУнун командалары «Акылман ордо» оюнунда байгелүү орундарды алды

Image

9-ноябрда «Кыялымдагы Кыргызстан: Ош – 2026» жаштар форумунун алкагында Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери арасында «Акылман ордо» интеллектуалдык оюну өттү. Анда ОшМУнун The OshSU Times командасы 1-орунду, «Жаркын келечек» командасы 3-орунду ээледи.

Ал эми экинчи орун Ош технологиялык университетинин командасына ыйгарылды.

Интеллектуалдык таймашка шаардагы жогорку окуу жайлардан 17 команда катышты. Оюндун жүрүшүндө студенттер Кыргызстандын тарыхы, дүйнөнүн кереметтери, маданият, жаштар тематикасы, Ош аймагынын тарыхы жана өзгөчөлүктөрү боюнча суроолорго жооп беришти. 

«Кыялымдагы Кыргызстан: Ош – 2026» жаштар форуму 8–10-ноябрь күндөрү Ош шаарында Жаштар күнүнө карата өтүүдө. Үч күндүк форум өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген жаштарды бириктирип, алардын билим, тажрыйба алмашуусуна жана жаңы демилгелерин ишке ашыруусуна шарт түзүүдө.

fotoğraf Galerisi