ОшМУда филология багытындагы түзүмдөр кайра уюштурулду

Anasayfa Haberler

ОшМУда филология багытындагы түзүмдөр кайра уюштурулду

Image

10-сентябрда өткөн Окумуштуулар кеңешинин жыйынында Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтун кайра уюштуруу маселеси каралып, тиешелүү чечим кабыл алынды.

Институттун базасында үч факультет кайра түзүлдү:

  • Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети;
  • Орус филологиясы факультети;
  • Чет тилдер факультети.

Мындан тышкары Педагогика, искусство жана журналистика институтунун курамындагы журналистика багыты кыргыз филологиясы жана журналистика факультетине өткөрүлдү. Ал эми аталган институт мындан ары Педагогика жана искусство институту деп аталат.

Кайра уюштуруунун алкагында Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун профессордук-окутуучулук курамы, кызматкерлери жаңы түзүлгөн факультеттерге которулат. Алардын жумуш орду жана айлык маянасы сакталат.

Жаңы түзүмдөрдүн иши окуу процессин уюштурууну, филология багытындагы билим берүүнү мындан ары жакшыртууга багытталат.