ИПКда улуттук баалуулуктар даңазаланды

Anasayfa Haberler

ИПКда улуттук баалуулуктар даңазаланды

Image

ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык коллежинде 27-мартта Президенттин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндөгү жарлыгынын негизинде Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында түрк тилдүү элдердин улуттук тамак-аш жарманкеси уюштурулуп, ар бир улуттун өзгөчө даамдары тартууланды. Бул жарманке катышуучуларга ар түрдүү маданияттарды таанып-билүүгө жана улуттук ашканалардын өзгөчөлүктөрү менен таанышууга мүмкүнчүлүк түздү.

Майрамдык программа алкагында колледждин окутуучуларынын арасында «Кыз-жигит сармерден» оюну өткөрүлүп, анда улуттук каада-салттар, ыр-бийлер жана өнөрлөр чагылдырылды. Ошондой эле студенттер менен окутуучулардын ортосунда кыргыз элинин улуттук оюндары ойнотулуп, катышуучулар жигердүү катышып, майрамдык маанай тартуулашты.

Иш-чарага ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова,коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева, окуу жайдын доценти, манасчы, акын Марал Осконбаев катышып, колледж жамаатына ыраазычылык каттарды тапшырышты. Алар иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, анын тарбиялык жана маданий маанисине жогору баа беришти.

Бул майрамдык иш-чара улуттук маданий мурастарды даңазалоого, жаштардын каада-салттарга болгон кызыгуусун арттырууга жана улуттук баалуулуктарды жайылтуу максатында уюштурулду.

fotoğraf Galerisi