Ош мамлекеттик университетинде өтүп жаткан «Инклюзивдүү колдоо АСБда (аутизм спектринин бузулушу): ОшМУнун кадамдары» эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында стоматолог-ординаторлор арасында ортодонтия багыты боюнча олимпиада уюштурулду.
Олимпиада үч этаптан турду. Катышуучулар жаак сөөгүнүн рентген сүрөттөрү боюнча туура диагноз коюу, кыйшык тиштерге брекет орнотуу жана өздөрүн тааныштыруу тапшырмаларын аткарышты. Калыстар тобунун чечими менен 1-орунду Азизбек Токторбаев, 2-орунду Айгерим Асылова, 3-орунду Нурдөөлөт Абдуллаев алды. Жеңүүчүлөр дипломдор жана белектер менен сыйланышты.
Стоматология адистиктер бөлүмүнүн башчысы Гулнара Эргешова олимпиаданын негизги максаты ординаторлордун алган билимдерин практикада колдонууга үйрөтүү жана заманбап талаптарга жооп берген адистерди даярдоо экенин белгиледи.
Олимпиада Дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун стоматология адистиктер бөлүмү тарабынан өткөрүлүп, ординаторлордун теориялык жана практикалык билимдерин бекемдөөгө багытталды.
Аталган борбор 28 адистик боюнча ординатурага кабыл алып, жогорку деңгээлдеги дарыгер адистерди даярдайт. Борборду аяктаган угуучуларга мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттар берилет