Студенттерге кыргыз элинин учурашуу маданияты тааныштырылды

Anasayfa Etkinlikler

Студенттерге кыргыз элинин учурашуу маданияты тааныштырылды

Image

Ош мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетинде кыргыз элинин учурашуу маданиятына арналган лекция өттү. 

Окутуучу Асылбек Айтмамбетов студенттерге саламдашуу салты, анын мааниси жана өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди. Лекцияда жаш куракка, коомдук мамилеге жана кырдаалга жараша учурашуунун түрлөрү, саламдашууда колдонулган сөздөр, кыймыл-аракеттердин мааниси түшүндүрүлдү. Иш-чарага факультеттин студенттери жана окутуучулары катышты.

Лекция факультетте башталган «Улуттук атрибутика күнү» долбоорунун алкагында уюштурулду. Ага ылайык, мындан ары ар жума күнү студенттер, окутуучулар окуу жайга улуттук кийимдерди же улуттук белгилери бар кийимдерди кийип келишет. Бул демилге улуттук салттарды, маданий баалуулуктарды жаштар арасында жайылтуу, улуттук мураска болгон кызыгууну арттыруу максатында ишке ашууда. 

Демилге «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» доктринасынын алкагында да ишке ашырылууда.

 

fotoğraf Galerisi