ОшМУнун Тарых-юридика институтунда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата студенттер арасында «Муундун үнү» аттуу видеороликтер сынагы өттү.
Катышуучулар тасма аркылуу ата-бабалардын тарыхын, тарыхый окуяларды жана алардын бүгүнкү муун үчүн маанисин чагылдырышты. Ошондой эле мекенчилдик сезимин чыгармачылык менен көрсөтүштү.
Жыйынтыгында биринчи орунду И(б)-1-26 тайпасы, экинчини И(б)-1-24 тайпасы, үчүнчү орунду И(б)-2-26 тайпасы ээлеп, жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктар тапшырылды.
Видеосынак жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын демилгеси менен уюштурулду. Максаты студенттердин тарыхка болгон кызыгуусун арттырып, ата-бабалардан калган мурасты заманбап форматта жайылтуу болду.