Shoola Kids борбору ОшМУнун студенттерин жумушка тартууга кызыкдар

Главная Новости

Shoola Kids борбору ОшМУнун студенттерин жумушка тартууга кызыкдар

Image

Ош шаарындагы Shoola Kids коррекциялык-логопедиялык борбору Ош мамлекеттик университетинин студенттерин жумушка тартууга жана мындан ары кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар. 

Мындай сунушту борбордун жетекчиси Венера Кубатбекова 4-ноябрда  окуу жайдын Педагогика жана искусство институтунун «Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы, логопедия» адистигинин 3-курсунун студенттерине, кафедранын жамаатына Ыраазычылык кат тапшыруу учурунда айтты.

Аталган студенттер кесиптик практикасын Shoola Kids борборунда өтөп, алган билимдерин иш жүзүндө колдонушкан. Венера Кубатбекова алардын даярдыгын жогору баалап, университет адистерди теориялык жактан гана эмес, практикалык жактан да даярдап жатканын белгиледи. Өз кезегинде кафедранын жетекчиси Мээргүл Асаналиева борбордо адистерге муктаждык бар экенин айтып, студенттерди жумушка тартуу боюнча сунуш түшкөнүн билдирди.

Бул кызматташтык студенттерге окуп жүрүп эле кесиптик тажрыйба топтоого, ал эми борборго жаш адистерди тартууга мүмкүнчүлүк түзөт.