ОшМУда финансылык-аналитикалык маселелер талкууланды

Главная Новости

ОшМУда финансылык-аналитикалык маселелер талкууланды

Image

Ош мамлекеттик университетинде бухгалтерлер жана аудиторлор күнүнө, ошондой эле Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун 30 жылдыгына карата финансылык-аналитикалык тармактагы актуалдуу маселелерди талкуулаган семинар өттү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, илимпоздор жана окутуучулар катышты. Алар бухгалтердик эсеп жана аудит тармагындагы заманбап тенденциялар, финансылык отчеттуулуктун ишенимдүүлүгү, ошондой эле башкаруу чечимдерин кабыл алууда маалыматтарды талдоонун ролу тууралуу пикир алышты.

Семинарда статистика тармагындагы адистердин катышуусу өзгөчө көңүл бурдурду. Бул статистикалык маалыматтарды практикалык колдонуу маселелерин тереңирээк кароого шарт түздү. Мындан тышкары катышуучулар эсеп, аудит жана аналитика багытында адистерди даярдоонун негизги багыттары боюнча тажрыйба алмашып, сунуштарын билдиришти.

 

Фотогалерея