Улуттук форумда ОшМУнун илимпоздору сөз сүйлөдү

Главная Новости

Улуттук форумда ОшМУнун илимпоздору сөз сүйлөдү

Image

2-апрелде Бишкек шаарында “Уңгу жол: маданий-руханий жаңылануу” аттуу чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын улуттук форуму өттү. 

Иш-чарада өлкөнүн илимий жана маданий чөйрөсүнүн өкүлдөрү улуттук баалуулуктарды жаңылоо, руханий өнүгүүнүн багыттары жана учурдагы көйгөйлөрүн талкуулашты. Форумга Ош мамлекеттик университетинен делегация катышты. Алардын катарында ректор Кудайберди Кожобеков, профессорлор Байболот Абытов, Тамара Кадырбаева жана окутуучу Зарлыкбек Солтоев бар.

Байболот Абытов Ош шаарынын жана Ош мамлекеттик университетинин атынан “Азыркы улуттук идеологиянын абалы, зарылдыгы, көйгөйлөрү жана келечеги” аттуу баяндама жасады. Ал баяндамасында улуттук идеологияны калыптандырууга байланышкан актуалдуу маселелерге токтолду.

Форумга Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Койчиев жана Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышып, маданий-руханий жаңылануунун мааниси жана келечеги тууралуу пикирлерин билдиришти.



 

Фотогалерея