Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары жана студенттери үчүн Кыргызстандын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуевдин катышуусунда конок-лекция өтөт.
«Депозиттерди коргоо системасы жана финансылык сабаттуулук» темасындагы конок лекция 19-сентябрда саат 10:00 до болот.
Лекциянын жүрүшүндө:
🔹 депозиттерди коргоо системасы;
🔹 банктык аманаттарды коргоо;
🔹 финансылык сабаттуулук боюнча актуалдуу маалыматтар берилет.
Өтүлүүчү жайы: 201 - жыйындар залы.
Бардык окутуучуларды жана студенттерди пайдалуу маалыматтарды алууга чакырабыз.