ОшМУнун өкүлү социалдык иштер боюнча эл аралык форумда баяндама жасады

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун өкүлү социалдык иштер боюнча эл аралык форумда баяндама жасады

Image

ОшМУнун социалдык иштер кафедрасынын доценти жана Социалдык иштер мектептеринин ассоциациясынын Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары боюнча өкүлү Нурзыйнат Токторбекова эл аралык форумда Кыргызстандын тажрыйбасын тааныштырды. 

Форум «Тажикстандагы социалдык иштер: көз карандысыздык доорундагы өнүгүүсү» деп аталып, 30–31-июль күндөрү Душанбе шаарында өттү. Токторбекова «Кыргыз Республикасында социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуунун негизи катары социалдык иш боюнча адистерди практикага багыттап даярдоо» темасында баяндама жасады. 

Иш-чарага Борбор Азия өлкөлөрүнөн тышкары Орусия, Иран, Австрия жана Жапониядан келген адистер катышып, социалдык иш тармагындагы актуалдуу маселелер, адистерди даярдоо, эл аралык кызматташтык боюнча тажрыйба алмашышты.  

Форумду Тажикстандын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык коргоо министрлиги менен ЮНИСЕФтин аталган өлкөдөгү өкүлчүлүгү уюштурган. 

 

Фото галерея