ОшМУну 55 жыл мурун бүтүргөн бүтүрүүчүлөр жолугушууга келди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУну 55 жыл мурун бүтүргөн бүтүрүүчүлөр жолугушууга келди

Image

1971-жылы ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтун «Биология» адистигин бүтүргөн бүтүрүүчүлөр 30-июнда окуу жайына 55 жылдык мааракеге жыйналды. 

Аларды институттун директору Абдирашит Низамиев тосуп алды. Ал конокторго университеттин бүгүнкү күндөгү жетишкендиктери, билим берүү жаа илимий иштер, эл аралык кызматташтык багытындагы ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди. Бүтүрүүчүлөр институттун материалдык-техникалык базасын, заманбап окуу лабораторияларын, окуу процессин көрүп чыгышты.

Жолугушууга илимге өмүрүн арнаган биология илимдеринин кандидаты, профессор Гүлсара Өмүралиева да катышты. Ал көп жыл институтта иштеген жана көптөгөн адистерди даярдаган. 

Бүтүрүүчүлөр студенттик жылдарын эскерип, ОшМУнун ар тараптуу өнүгүп  жатканына кубанычта экенин айтышты.  

Учурда аталган институтта 2миңден ашуун студент билим алат.

 

Фото галерея