Кечээ, 24-февралда ОшМУнун филология жана маданият аралык коммуникация институтунун факультеттер аралык орус тилинин практикалык курсу кафедрасы Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүн белгиледи.
Майрамдык иш-чарада студенттер орус элдик ырларды, бийлерди аткарышты. Ошондой эле тамсилдер чыгармачылык менен көргөзүлдү.
Эне тил күнү көп тилдүүлүк жана маданий көп түрдүүлүктү жайылтуу максатында уюштурулду.
1999-жылы ЮНЕСКО эл аралык уюму тарабынан 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү деп жарыяланган.