Окутуучулар Анжиян мамлекеттик чет тилдер институтунда конок лекцияларды өтүштү

Башкы Окуялар

Окутуучулар Анжиян мамлекеттик чет тилдер институтунда конок лекцияларды өтүштү

Image

Ош мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетинин окутуучулары 3-ноябрда Өзбекстандын Анжиян мамлекеттик чет тилдер институтунда конок лекцияларды окушту.

Делегациянын курамында профессор Капар Зулпукаров, факультеттин деканы Венера Суркеева, декандын илимий иштер боюнча орун басары, доцент Сюита Абдыкадырова болду. Алар институттун 1–2-курс студенттерине жана магистранттарына орус тили менен адабиятын окутуунун актуалдуу маселелери, жаңы усулдар тууралуу лекцияларды өтүштү.

Сапардын жүрүшүндө ОшМУнун өкүлдөрү институттун жетекчилиги менен да жолугушту. Анда эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен илимий жана маданий иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланды.

Фото галерея