Мал чарбасындагы инновациялар талкууланды

Main News

Мал чарбасындагы инновациялар талкууланды

Image

5-ноябрда Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба коллежинде мал чарбачылыгы жана ветеринариянын келечегине арналган илимий жыйын өттү.

Анда студенттер мал чарбасын санариптештирүү, смарт-фермаларды өнүктүрүү, жаныбарлардын ооруларын алдын алуу, генетика, асыл тукум мал чарбачылыгы боюнча баяндамаларын жасашты.

Иш-чарага айыл чарба илимдеринин кандидаты Тарбиз Халляпов жана Мады айылынын ветеринардык дарыгери Жунус Исмаилов катышты. Алар студенттер менен тармактагы көйгөйлөрдү талкуулап, практикалык суроолоруна жооп беришти. Ошондой эле жыйында ветеринарияда колдонулуучу шаймандар, мал чарбачылыгындагы заманбап технологиялар көрсөтүлдү.

Иш-чара колледждин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Мархабо Зулпукарова, кесипке багыт берүү ПЦКсынын башчысы Абдирашит Халмурзаев жана окутуучу Пиримкул Маматкалыковдун демилгеси менен уюштурулду.

Жыйын 20-октябрь — Агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнүнө жана «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужол концепциясына арналды.