ОшМУнун медициналык коллежинин окутуучулары кант диабетинин курч жана өнөкөт татаалдашууларын аныктоо жана дарылоонун заманбап ыкмалары боюнча илимий жыйынга катышты.
Иш-чара Манас шаарындагы Кантөрө Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте өттү. Анда ОшМУнун окутуучулары кант диабетинин татаалдашууларынын фундаменталдык негиздери жана патогенези, ангинанын клиникалык формалары, бейтаптарга медайымдык кам көрүү, окуучулардын инсан катары калыптанышында үй-бүлө менен педагогдордун кызматташуусу, санариптик коомдогу биоэтиканын ролу боюнча илимий баяндамаларды жасашты.
Конференциянын жүрүшүндө кант диабетинин алдын алуу, ооруну эрте аныктоо, заманбап диагностикалык жана дарылоо технологияларын колдонуу боюнча тажрыйбалар ортого салынды. Ошондой эле медициналык адистердин ар тармактуу кызматташуусун өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Илимий жыйын Бүткүл дүйнөлүк диабетке каршы күрөшүү күнүнө карата өткөрүлдү.