13–16-октябрда Москвадагы Патрис Лумумба атындагы Россия элдеринин достугу университетинде (РУДН) «Ааламдык экономиканын актуалдуу көйгөйлөрү» аттуу XXVIII эл аралык конференция өттү.
Ага ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин эл аралык мамилелер жана европа интеграциясы бөлүмүнүн башчысы, саясий илимдеринин кандидаты Назгүл Раджапова, бөлүмдүн студенттери катышты.
Конференцияда дүйнөлүк экономиканын учурдагы абалы, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, глобалдык деңгээлдеги актуалдуу маселелер талкууланды. Ошондой эле билим берүү жана илим тармагындагы эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга, жогорку окуу жайлардын академиялык байланыштарын чыңдоого көңүл бурулду.
15-октябрда Шанхай кызматташтык уюмунун, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин жана БРИКСтин тармактык университеттеринин ишмердүүлүгүнө арналган эксперттик топтордун жыйыны болду. Анда жогорку билим берүүнү өнүктүрүү, университеттер аралык кызматташтыкты бекемдөө, билим берүү программаларын өркүндөтүү маселелери каралды.
Ал эми ОшМУнун эл аралык мамилелер жана европа интеграциясы бөлүмүнүн төртүнчү курсунун студенттери Бектур Керимбеков, Элиербек Нурматов, Махабат Абдыкалыкова Евразиялык жаштардын илимий-практикалык мектебине катышты. Иш-чара тажрыйба алмашып, кесиптик билимди кеңейтүүгө, эл аралык академиялык байланыштарды чыңдоого максатында уюштурулду.