Ош мамлекеттик университетинин ички гранттар программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан «Азык-түлүк коопсуздугу» илимий-изилдөө долбоорунун жетекчиси, доцент Элмурат Обдунов Түркиянын Газиантеп шаарында тажрыйба алмашууда.
30-июндан 5-августка чейин уланган иш сапардын жүрүшүндө ал мисте-бадам өстүрүү боюнча алдыңкы питомниктердин ишмердүүлүгү менен таанышып, заманбап агротехнологиялар, жаңы сорттор боюнча адистер менен пикир алышууда. Ошондой эле Газиантепте өстүрүлгөн жогорку түшүмдүү мисте-бадам сортторун ОшМУнун илимий долбоорунун алкагында жергиликтүү шартка ылайыкташтыруу жана жайылтуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланууда.
Газиантеп Түркиядагы мисте-бадам өндүрүшүнүн негизги борборлорунун бири. Бул аймак өлкөдө өндүрүлгөн бул азыктын болжол менен 75%ын камсыздап, алдыңкы тажрыйбасы менен белгилүү.
«Азык-түлүк коопсуздугу» айыл чарбасына жараксыз же натыйжалуулугу төмөн пайдаланылып жаткан жерлердин мүмкүнчүлүктөрүн илимий жактан баалоону көздөйт. Долбоордун алкагында жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча илимий негизделген сунуштарды иштеп чыгып, аларды дыйкан-фермерлердин практикасына киргизүү пландалууда.