Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун угуучуларына сертификаттар тапшырылды

Main News

Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун угуучуларына сертификаттар тапшырылды

Image

Ош мамлекеттик университетинде Борбордук Азия университетинин  Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин угуучуларын сыйлоо аземи өттү. 

Ага  окуу программаларын ийгиликтүү аяктаган угуучулар, окутуучулар, өнөктөш мекемелердин өкүлдөрү жана студенттер катышты. Иш-чаранын  алкагында Үзгүлтүксүз билим берүү мектеби тарабынан ар түрдүү багыттагы кыска мөөнөттүү курстарды ийгиликтүү аяктаган 124 угуучуга сертификаттар тапшырылды. 

Угуучулар сүйлөшүү англис тили, академиялык жетишкендиктер программасы (STR), IT жана жасалма интеллект (AI), Cambridge English Testине даярдоо, IELTS, TKT, ошондой эле кыргыз тили жана математика мугалимдери үчүн уюштурулган тренингдер боюнча билим алышкан.

2024-жылдын май айында БАУ менен ОшМУнун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлуп, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана эки мекеменин ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү багытында биргелешкен иштер башталган.

Бул кызматташтык окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга, студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле түштүк аймагында илимий долбоорлорду жана изилдөөлөрдү ишке ашырууга багытталган.

 

Photogallery