Медколлеждин студенттерине чет өлкөдө билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды

Main News

Медколлеждин студенттерине чет өлкөдө билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды

Image

19-ноябрда ОшМУнун Медициналык коллежинде студенттерге эл аралык билим берүү программалары, чет өлкөлүк окуу жайларда окуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.

Жолугушууга Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн академиялык мобилдүүлүк боюнча адистери катышты. Алар студенттерге академиялык мобилдүүлүк программаларына кантип катышууга болорун, чет өлкөлүк жогорку окуу жайларда билим алуунун шарттарын жана мындай программалардын артыкчылыктарын түшүндүрүштү. Ошондой эле чет өлкөдө билим алуу студенттерге тажрыйба топтоого, жаңы билимдерди өздөштүрүп, кесиптик жактан өсүүгө мүмкүнчүлүк берери айтылды.

Мындан тышкары Борбор Азия университетинин Ош облусу боюнча англис тилин окутуу координатору англис тилин билүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Ал чет тилдерин өздөштүрүү эл аралык программаларга катышууга, башка өлкөлөрдүн окуу жайларында билим алууга жол ачарын белгиледи.

Жолугушуу студенттерди эл аралык билим берүү мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу, чет өлкөдө билим алууга кызыгуусун арттыруу жана келечектеги кесиптик максаттарын аныктоого багыт берүү максатында уюштурулду.