2026–2027-окуу жылына карата Ош мамлекеттик университетине абитуриенттерди кабыл алуу беш тур менен жүргүзүлөт. Кабыл алуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги бекиткен графикке ылайык уюштурулат.
Кабыл алуунун графиги:
I тур: 13-июль, саат 09:00 – 15-июль, саат 14:00;
II тур: 20-июль, саат 09:00 – 22-июль, саат 14:00;
III тур: 27-июль, саат 09:00 – 29-июль, саат 14:00;
IV тур: 3-август, саат 09:00 – 5-август, саат 14:00;
V тур: 10-август, саат 09:00 – 12-август, саат 14:00.
Абитуриенттер белгиленген мөөнөттөрдү так сактап, керектүү документтерди өз убагында тапшырышы зарыл.
Ошондой эле министрлик жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн белгиленген босого упайларды былтыркы деңгээлде калтырды.