ОшМУ жасалма интеллект жана Big Data боюнча жаңы китеп басып чыкты

Main News

ОшМУ жасалма интеллект жана Big Data боюнча жаңы китеп басып чыкты

Image

Университеттин окумуштуулары Кытайдын Нанкин технологиялык институту менен биргеликте жасалма интеллект жана чоң маалыматтар боюнча жаңы китептерди жарыкка чыгарышты.

«Жасалма интеллектке киришүү» жана «Биг датага киришүү» аталышындагы эмгектердин расмий бет ачары 16-апрелде Бишкектеги Улуттук китепканада өттү. Иш-чарага Кытай элчилигинин өкүлдөрү, китепкана жетекчилиги, кытайлык окумуштуулар жана Phoenix Publishing Group басма борборунун өкүлдөрү катышты.

Жаңы китептер Ош мамлекеттик университети менен Нанкин технологиялык институттун ортосундагы эл аралык кызматташтыктын алкагында даярдалып, Кытайдан басылып чыкты. Эмгектер заманбап технологиялардын эң актуалдуу багыттарына арналган. Мисалы, «Жасалма интеллектке киришүү» китебинде машиналык окутуу, нейрон тармактары жана алгоритмдердин негиздери жөнөкөй тилде түшүндүрүлүп, алардын практикалык колдонулушу көрсөтүлгөн. Ал эми «Биг датага киришүү» китебинде чоң көлөмдөгү маалыматтарды чогултуу, сактоо, талдоо ыкмалары баяндалат.

Китептердин авторлору катары ОшМУ тараптан ректор Кудайберди Кожобеков, Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун директору Бектур Азимов, ккафедра башчысы Толкунбек Жолдошов жана Next Generation Hub директору Тилек Умаров катышты. Бул басылмалар студенттерге, жаш адистерге, IT тармагына кызыккандарга пайдалуу окуу куралы болору күтүлүүдө.

Photogallery