Чет өлкөлүк студенттер арасында волейбол мелдеши өттү

Main News

Чет өлкөлүк студенттер арасында волейбол мелдеши өттү

Image

ОшМУнун эл аралык медицина факультетинде чет өлкөлүк студенттердин катышуусунда волейбол боюнча мелдеш уюштурулду. Анда Индия, Пакистан, Бангладеш жана башка мамлекеттерден келген студенттерден түзүлгөн 10 команда күч сынашты.

Турнирдин жүрүшүндө катышуучулар жогорку деңгээлдеги даярдыгын, командалык ынтымакты жана спорттук чеберчиликти көрсөтө алышты. Оюндар кызыктуу, атаандаштык маанайда өтүп, күйөрмандарга өзгөчө таасир калтырды.

Жыйынтыгында биринчи орунду MAVERIKS, экинчини BLACK WINKS, үчүнчү орунду MEDSTARKS командасы алды. Жеңүүчүлөргө жана байгелүү орун ээлерине диплом, баалуу белектер тапшырылды.

Иш-чара студенттер арасында сергек жашоо образын жайылтуу жана ар улуттун өкүлдөрүнүн ортосундагы достук мамилени чыңдоого багытталды.

Photogallery