Айтматовдун чыгармаларындагы агартуучу образдарга арналган адабий кече өттү

Main News

Айтматовдун чыгармаларындагы агартуучу образдарга арналган адабий кече өттү

Image

12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата Индустриалдык-педагогикалык колледжинде «Агартуучулар – Айтматов ааламындагы ыйык символ» аттуу адабий иш-чара уюштурулду. 

Адабий кечеде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу мугалимдин, агартуучунун коомдогу орду, адамдык абийир, тарыхый эс тутум жана руханий баалуулуктар тууралуу ойлор айтылды. Иш-чаранын негизги максаты – жаштарды гуманизмге, адеп-ахлакка, билимге жана мекенчилдикке тарбиялоо болду.

Кечеде Айтматовдун «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Ак кеме», «Эрте келген турналар» чыгармаларындагы агартуучу образдары талданып, студенттер көркөм окууларды аткарышты, сахналык көрүнүштөрдү көрсөтүштү жана баяндамалар жасашты.

Катышуучулар Айтматовдун чыгармалары бүгүнкү күндө да өз маанисин жоготпой, жаштарды ой жүгүртүүгө, адамгерчиликке жана руханий баалуулуктарды сактоого үндөп турарын белгилешти. Иш-чараны колледждин филологиялык дисциплиналар циклы комиссиясы демилгеледи.

Photogallery