Rehabilitation Center for Children with Autism at Our University

Main News

Rehabilitation Center for Children with Autism at Our University

Image

15-декабрда Ош мамлекеттик университетинде аутизм менен жашаган балдарды колдоо жана инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү максатында «Инклюзивдүү колдоо АСБда (аутизм спектринин бузулушу): ОшМУнун кадамдары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Ага Казакстандагы «Асыл мурас» аутизм борборунун өкүлдөрү, Орусиядан педагог-психологдор, Армениядагы Ереван университетинен психиатрлар, ошондой эле Кыргызстандын түштүк аймагындагы адистер, дарыгерлер, социалдык кызматкерлер, педагогдор жана аутизм менен ооруган балдардын ата-энелери катышты.

Конференцияны университеттин ректору Кудайберди Кожобеков ачып, аутизм спектринин бузулушу бар балдарды колдоонун жана инклюзивдүү билим берүүнүн актуалдуулугуна токтолду.

Иш-чаранын жүрүшүндө аутизм жана сүйлөө кебинде бузулуусу бар балдар үчүн логопедиялык кызматты уюштуруу, аутизмдин клиникалык өзгөчөлүктөрү, диагностикасы, эрте аныктоо, социалдык адаптация жана медициналык-социалдык жардам көрсөтүү маселелери талкууланды. Адистер аутизмдин түрлөрү ар башка экенин жана мындай диагноз коюлган бардык балдарды мүмкүнчүлүгү чектелген деп эсептөөгө болбой турганын белгилешти.

«Асыл мурас» аутизм борборунун өкүлдөрү ADOS-2 диагностика куралын колдонуу тажрыйбасы, JASPER программасы аркылуу социалдык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана «Аутизм. Баары үчүн бир дүйнө» программасынын 10 жылдык ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришти.

ОшМУнун Дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун директору Анара Жанбаеванын айтымында, конференция логопедиялык кызматты уюштурууга багытталган долбоордун алкагында өткөрүлүп жатат. Аталган долбоордун негизги максаттарынын бири – ОшМУнун медициналык клиникасынын базасында аутизми бар балдар үчүн реабилитациялык борбор ачуу. Бул борбор балдардын оорусун эрте аныктоого жана комплекстүү жардам көрсөтүүгө багытталмакчы.

Адистер мындай иш-чаралар аутизм боюнча коомдук түшүнүктү кеңейтип, балдардын келечеги үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгилешти.

 

Photogallery