Бүгүн кылмышкерлер эшиктеги кулпуну эмес, адамдын ишенимин«бузушат». Схема дээрлик дайыма шаштырып, басым жасоо менен башталат. Сизге «банктын кызматкери» же «укук коргоо органынан» экенин айткан адам чалып, шектүү операция, «оформолгон кредит» же эсепти бөгөттөө коркунучу жөнүндө айтат. «Акчаны сактап калуу» үчүн SMS-кодду, PIN, CVV сурашат, «алыстан колдоо» кызматын орнотууну, каражатты «коопсуз эсепке» которууну, терминал аркылуу капчыкты толтурууну же QR-кодду сканерлөөнү талап кылышат. Кээде «улук адис» же «юрист» деп дагы бирөөнү кошуп, ишеним жаратууга аракет кылышат. Максат бирөө — сиздин банкыңызга жана акчаңызга жетүү.
Дагы бир кеңири ыкма — тааныш адамдын аккаунтунан келгендей болуп: «шашылыш акча керек», «кечке чейин жардам бер», «кийин кайтарып берем» деген билдирүү. Шашкалактап, чындап эле досуңуз жазып жатканына көз жеткирбей, акчаны алдамчыларга жиберип коюшат.
Маркетплейстерде схема мындай болот: «жеткирүүнү шилтеме менен тариздеңиз», «камсыздандырууга алдын ала төлөм керек», «товар үчүн каражат алуу үчүн картаңыздын маалыматтарын киргизиңиз». Шилтеме жасалма сайтка алып барат: сиз реквизиттерди киргизесиз — аларды дароо колдонуп кетишет. «Утуш/компенсация» дегендер да бар: «сизге төлөм тийиш, комиссия же салыкты төлөңүз — анан акчаны аласыз». «Комиссияны» төлөгөндөн кийин байланыш үзүлөт.
Дагы бир вариант — мессенджердеги «жумуш»: тез пайда, «сынама тапшырма». Адегенде чакан «текшерүү» суммасы, анан бара-бара көбөйөт — акырында акчаңызды жоготосуз. Бул сценарийлердин баарынын негизги белгилери бирдей: шаштыруу, басым, коддорду айтууну же «коопсуздук үчүн» которуу жасоону талап кылуу, чаттыктан келген шилтемелер, алыстан башкаруу колдонмосун орнотуу сунушу.
Кантип алданбоо керек?
Эрежелер жөнөкөй, бирок дайыма сактоо зарыл. PIN, CVV, сырсөздөр жана SMS-коддорду эч кимге, эч качан айтпаңыз — телефон аркылуу да, жазышууда да. Кандай гана «тынчсыздандырган» чалуу болбосун дароо сүйлөшүүнү бүтүрүп, өзүңүз картаңардын артына жазылган номерге же банктын расмий сайтына көрсөтүлгөн номерге чалыңыз. Чаттыктардан келген шилтемелерди ачпаңыз жана башка бирөөнүн QR-коддорун сканерлебеңиз — алар аркылуу эсебиңизге кирүү мүмкүн. Акчаны «коопсуз эсепке» өткөрбөңүз, «телефон аркылуу көрсөтмө» менен которбоңуз жана белгисиз шилтемелер аркылуу алдын ала төлөм жасабаңыз. Сатып алуу-сатууда болгону расмий сайттарды жана орнотулган төлөм формаларын колдонуңуз. Эки факторлуу аутентификацияны жана операциялар боюнча SMS-билдирмелерди күйгүзүңүз: бул көйгөйдү өз убагында байкоонун эң жөнөкөй жолу
Эгер акча кетип калса эмне кылуу керек?
Дароо аракет кылыңыз. Банкка чалыңыз, карталарыңызды жана мобилдик банкыңызды бөгөттөтүңүз, операцияларды талашууну талап кылыңыз. Жазышууларды, номерлерди, скриншотторду, чектерди, шилтемелерди сактап калыңыз — булар далилдериңиз. Милицияга кайрылыңыз: 102 же (03222) 48-282. Канчалык эрте баштасаңыз, каражаттарды токтотуу же кайтаруу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору.
Үч негизги эрежени эстеп жүрүңүз:
Бул тууралуу ата-энеңизге, жакындарыңызга сөзсүз айтып коюңуз — алдамчылар көбүнчө дал ошолорго ишенишет.
Экинчи Вариант
Кылмышкерлер телефон, WhatsApp, Telegram жана интернет аркылуу да алдашат.
1. Кантип алдашат?
1) «Банктан» же «укук коргоо органынан» чалгансып
Максат – сиздин банк эсебиңизге кирип, акчаңызды алуу.
2) «Досуңуздун» же «таанышыңыздын» атынан жазышат
3) Мессенджер аркылуу «жумуш сунушу»
2. Бул схемалардын жалпы белгилери
Эгер төмөнкүлөр болсо — бул чоң шек:
3. Кантип алданбоо керек?
Эң негизги эрежелер:
4. Эгер акча кетип калса эмне кылуу керек?
Уялбай, убакытты өткөрбөстөн дароо аракет кылыңыз:
Эгер кибер чабуулга туш болсоңуз ОшМУнун укук иштери бөлүмүнө жана бөлүм башчысы Жамал Айдарбековага кайрылсаңыздар болот. Мында адистер укуктук жардамдарды беришет. Байланыш номерлери: 0222 53 55 10
Канча эрте кайрылсаңыз, ошончолук акчаны токтотуп калууга же кайтарууга мүмкүнчүлүк көбүрөөк болот.
5. Үч жөнөкөй эреже – дайыма эстеп жүрүңүз