Haber

ОшМУда “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу V аймактык студенттик илимий конференция өттү

Ош мамлекеттик университетинде 29-ноябрда “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу V аймактык студенттик илимий конференция уюштурулду.

Конференцияга И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен Кыргыз_Түрк эл аралык университетинен, Талас, Жалал-Абад, Баткен мамлекеттик университеттеринен, ОшТУ, КӨУ, ОшМЮИ, ОшМУнун Арашан гуманитардык институтунан келген илимге кызыккан алдыңкы студенттер жана алардын илимий жетекчилери, ЖОЖдордун илимий иштер боюнча проректорлору, илим, аспирантура бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты.

Пленардык жыйында ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору И. Кенжаев, ЖОЖдордун өкүлдөрү сөз сүйлөп, конференциянын ишине ийгилик каалашты.

Пленардык жыйында ОшМУнун студенттери Сапарали кызы Бурабия “Аалам көйгөйлөрү Айтматовдун көзү менен”, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенти Сыймык Мавлянкулов “Санарип экономикасы: биткоин жана криптовалютанын өзгөчөлүктөрү”, ОшТУнун студенти Алина Жорокулова “Азыктык баалуулугун жогорулатуу максатында салттуу эмес кошулмаларды кошуу аркылуу дарылык касиети бар ун кондитер азыктарынын технологиясын иштеп чыгуу”, И.Арабаев атындагы КМУнун студенти Абдукадыр кызы Бүхамида “Куран жана биология илиминдеги айрым ачылыштар”, БатМУнун студенти Узакбай уулу Кайратбек “Исхак Раззаков –мамлекеттик ишмер жана улуу инсан” деген темаларда баяндамаларды жасап, конференциянын катышуучуларынын суроолоруна жооп беришти.

Конференциянын иши илимдин тармактары боюнча 8 секциялык иште улантылды.

Жыйынтыгында секциялык иштердин жыйынтыгы боюнча 8 студент I даражадагы диплом, 20 студент II даражадагы диплом, 20 студент III даражадагы дипломдор, баалуу белектер менен сыйланышты.

“ОшМУда аймактык студенттик илимий конференция бешинчи ирет өткөрүлүп жатат. Конференция илимге кызыккан жаштардын ойлорун ортого салууга өбөлгө түзөт. Быйылкы жылы конференцияга 200дөн ашуун илимий макалалар түшүп, алар пленардык жыйында жана 8 секцияда талкууланды. 2016-2017-жылдары өткөрүлгөн III, IV аймактык студенттик илимий конференциянын материалдары “ОшМУнун Жарчысы” илимий журналынын атайын чыгарылышында басылып чыгарылган. Бул конференцияга түшкөн мыкты баяндамаларды да жакын арада жарыкка чыгарабыз”, -деди Илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы Гүлжамал Анарбаева.

3032 13:25 30-11-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|