Акыл таймашына ОшМУнун “Педагогикалык билим берүүнү өркүндөтүү” борборунун директору А.Батыралиев, тарбия департаментинин директору З.Божонов, жаштар комитетинин төрагасы Абылкасым уулу Канатбек ошондой педагогика, психология предметтеринен билим берген окутуучулар, студенттер катышышты. Эки күнгө созулган таймаштын биринчи күнү психология предметинен, экинчи күнү педагогика предметинен таймаш уланып, алар жобого ылайык калыстар тарабынан түзүлгөн суроолорго жооп беришти, ошондой эле жыйынтыгында командалардын капитандары өз ара таймашышты.
Экинчи күнкү оюндун жыйынтыгы менен педагогика жана дене тарбия факультетинин командасы жана окутуучусу К. Алиева I даражадагы диплом, чет тилдер факультетинин командасы жана окутуучусу З.Буваева II даражадагы диплом, табият таануу жана география факультетинин командасы жана окутуучусу М.Былыкова III даражадагы диплом менен сыйланышты. Ошондой эле брейн-ринг таймашында 1-орунду алган команда окутуучусу менен биргеликте июнь айында мыкты тайпалар менен биргеликте Арсланбап эс алуу жайына эс алып келүүгө жолдонмо алышты. Бейлгилей кетсек, бул оюн 30-май күнү тараых предметинен өз ишин улантмакчы.