Концертке музыка күйөрмандары, ОшМУнун окутуучулар жамааты, студенттер, Абдыкалык уулу Элтурандын жакын туугандары, атайын чакырылган коноктор катышышты. Кеченин жүрүшүндө оркестрдин коштоосунда элдик чыгармалар менен биргеликте дүйнөлүк классикалык музыкалар жандуу үн менен ырдалып, чопо чоор музыкалык аспабы менен коштолду.
Концертти искусство факультетинин чыгармачыл жаштарынын аткаруусундагы чыгармалар коштоду.