Haber

ОшМУ шаар тургундарына «Кадыр түн» кечесин тартуулады

Ош мамлекеттик университетинин жалпы жамааты калын эл менен биргеликте көктөм майрамын жакшы тилек, үмүттөр менен тосуп алды.

20-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында шаар тургундары жана меймандары үчүн Ош мамлекеттик университети тарабынан даярдалган “Кадыр түн” кечесинде маданий-массалык оюн-зооктор жана улуттук спорт оюндары өткөрүлдү.

Алгач нооруз майрамына карата келген шаар тургундарына ОшМУнун “ОшМУ жазы-2015” фестивал-сынагынын гала концерти тартууланып, ошондой университеттин окутуучулары жана студенттери үчүн ордо, күрөш, гир көтөрүү, кол күрөш, аркан тартыш, сыяктуу улуттук спорт оюндары өткөрүлдү.

Ал эми ОшМУнун жамааты тарабынан эки боз үй тигилип, улуттук тамак-аштар бышырылып, нооруздун негизги тамагы болгон сүмөлөк кайнатылды. Сүмөлөктөн 21-март нооруз майрмында конокторго ооз тийгизилди.

Ал эми улуттук спорт оюндарынын 40тан ашуун жеңүүчүлөрүнө ректорат жана профсоюз уюму тарабынан Арсланбапка эс алууга жолдонмолор уюштурулду.

6267 14:23 24-03-2015

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|