Haber

Берекенин, сабырдуулуктун, мээримдүүлүктүн майрамы болгон Ноорузду ОшМУнун жамааты жакшы тилек менен тосуп алды

Ош мамлекеттик университетинде жаңылануунун башаты болгон Нооруз майрамы чоң салтанат менен белгиленип жатат.

Бүгүн 19-март күнү Орус филологиясы факультетинде жаз майрамына карата факультеттин дүйнөлүк адабият кафедрасынын демилгеси менен уюштурулган чоң программадагы майрамдык иш чара өткөрүлдү. Уюштуруучулар тарабынан кыргыздын боз үйү тигилип, жакшы тилектерди ыроологон сүймөлөк кайнатылды. Ошондой эле факультеттин таланттуу студенттери тарабынан ыр-бийлер аткарылып, “Манас” эпосунан үзүндүлөр айтылды. Кеченин жүрүшүндө кыргыздын улуттук салт-санаалары болгон кыз узатуу, бешик той, тушоо кесүү, үй той сыяктуу салт-санаалар чагылдырылып, кыргыздын улуттук тамак-аштары, улуттук оюндары көрсөтүлдү. Иш чарага катышкан окуу иштери боюнча проректор А.Абдувалиев ректораттын атынан жалпы жамаатты Нооруз майрамы менен куттуктап, чыгармачылык менен даярдап, өзгөчө улуттук баалуулуктарыбызды даңазалап көрсөтүп жаткан уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

Ушул эле күнү Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде концерттик программа, улуттук тамак-аштардын конкурсу уюштурулса, Табият таануу жана география, Медицина, Математика жана информациялык технологиялар, Юридика факультеттеринде да сүмөлөк кайнатылып, оюн-зооктор уюштурулуп, кыргыздын ордо, күрөш, кол күрөш, аркан тартыш сыяктуу улуттук оюндары ойнотулду.

Мындай иш чара ОшМУнун бардык факультеттеринде, колледждеринде, лицейлеринде, жатаканаларында да өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, ОшМУда университеттин мамлекеттик тил боюнча проректору О.Шаимкулов жана мамлекеттик тил борборунун директору Б.Байтикова тарабынан Нооруз майрамын уюштуруу боюнча Жобо иштелип чыгып, окуу жайдын бардык структуралдарында ишке ашырылды.

Ал эми эртең, 20-март күнү борбордук аянтта Ош шаарынын эли үчүн өткөрүлүп жаткан Нооруз майрамына арналган “Кадыр түн” кечесинде “ОшМУ жазы-2014” фестивал-сынагынын гала концерти тартууланып, боз үйлөр тигилип, улуттук оюндар ойнотулуп, сүмөлөк кайнатылат.

11860 15:45 19-03-2015

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|