Haber

ОшМУ Урал мамлекеттик педагогикалык университети менен келишимге кол койду

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Урал мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Светлана Алигарьевна менен эки тараптуу кызматташуу келишимине онлайн режиминде кол койду.

Келишимде эки окуу жайдын кызматташтыгын бекемдөө, биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, окутуучулардын конок лекцияларын, кесиптик деңгээлди жогорулатуу курстарын уюштуруу, студенттердин арасында академиялык мобилдүүлүктү өркүндөтүү, ошондой эле илимий, маданий жана социалдык кызматташуу каралган.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы башкы консулунун вице-консулу Чолпонай Аджиматова дагы катышып, түзүлгөн келишимдин алкагында жүрүүчү биргелешкен долбоорлордун ишке ашуусуна ар тараптуу колдоо көрсөтө тургандыгын билдирди. Жыйынды ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев алып барды.

Урал мамлекеттик педагогикалык университети 1930-жылы түзүлгөн. Анын табият таануу, дене тарбия жана туризм факультети, чет тилдер, математика, физика, информатика жана технология, педагогика жана балдар психологиясы, коомдук илимдер институттары бар.

517 19:28 01-04-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|