Haber

ОшМУнун делегациясынын иш сапары Анкара университетинде уланды

ОшМУнун ректору, профессор К. Кожобеков баштаган делегация 10- декабрь күнү Анкара университетинин теология факультетин зыярат кылып, профессордук-окутуучулар менен жолугушту.

Жолугушууда Теология факультетинин окуу планы, бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыз кылуу маселелери талкууга алынды. Мындан сырткары Түркия мамлекетинин тарыхында биринчи ачылган Анкара университетинин теология факультетинин тажрыйбасынан пайдалануунун максатка ылайык экени да айтылды.

Жыйынтыгында Анкара университетинин теология факультетинин деканы профессор Шамил Дагжы ОшМУнун теология факультетине ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жатканын жана мындан ары да демилгелерди колдоп, алгылыктуу иштердин жүзөгө ашышына көмөктөрөрүн белгиледи.

977 11:23 11-12-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|